Лас-Вегастагы ок атуудан каза болгондордун саны 59га жетти. Кылмыш террорчулукка мүнөздүү эмес, ал эми шектүү өзүн-өзү атып өлтүргөн

Лас-Вегаста кечээ, 2-октябрга караган түнү атылган октон каза тапкандардын саны 59га жетти. Ал эми жабыркап, жаракат алгандардын саны 527. Мындай маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазышууда.

Эскерте кетсек, окуя Лас-Вегастагы Mandalay Bay аталышындагы оюн-зоок комплексинин алдында болгон. Анда белгисиз адам комплекстин маңдайында жайгашкан мейманкананын 32-кабатынан кантри-музыка фестивалына күбө болгону келген адамдарды көздөй ок чыгарган. Натыйжада баш аламандык жаралып октон жана адамдардын бири-бирин тебелеп салышынан адамдар өлүп, көбү жаракаттарды алышкан.

Кылмышка шектүү 64 жаштагы Стивен Пэддок аттуу адамды мурунку маалыматтарда полиция тарабынан өлтүрүлдү деп жатышса, жаңы маалыматтарда ал өзүн-өзү атып өлтүргөнү маалым болду. Анын аялы Мэрилу Дэнли окуя болгон жерден качып кетти делип изделип жаткан. Акыркы маалыматтарга таянсак, Лас-Вегас полициясы аны издөөнү токтоткон. Себеби Пэддок адамдарга ок чыгарган күнү аялы Дэнли АКШнын аймагында болгон эмес.

Окуя боюнча иликтөө иштери уланып жатат. Алдын ала иликтөөнүн негизинде эксперттер жасалган кылмыштын курамында терроризмге мүнөздүү белгилер жок дешүүдө. Ошондой эле элди кырып салууга шектелген Стивен Пэддок окуя болгондон бир аз мурда казино жана кумар оюндарына байланышкан көп суммадагы акча каражаттарын банк аркылуу которуу операцияларын жасагандыгы аныкталды. Азырынча ал акчалар оюндан уткандан же утулгандан улам которулганы белгисиз. Анткен менен анын бир тууганы Эрик Пэддок шектүүнүн кумар оюндарына барып ойноп жүргөнүн танган эмес. Бул окуя АКШнын заманбап тарыхында эң кандуу окуя катары сыпатталууда.

Лас-Вегаста белгисиз адам жарандарга ок атты
Лас-Вегаста элге ок атылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Gema
2017-10-03 12:30:13
Бири олуп бири калсын,чынында журогум ооруган деле жок.Канча деген мусульмандар мындан жаман курып атышат.Мына ошолорго куйом.Чал кемпир майда балдар менен кошуп.
+5
12.12.12
2017-10-03 12:37:21
Жаман окуя болду. Азыр Американын кайсыл каналына койбо ушул жанылык туз эфирде кетип жатат. Чынын да кочодон кара баштык корсом да коркуп калдым. Жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
Aza030393
2017-10-03 12:42:53
Эгер мусулман адам кылганда терорист деп сразу чыгышмак
+7
turna23
2017-10-03 12:43:31
Кудай сактасын,алыста жургондорду. Эн окунучтуу кайгылуу окуя,бей ажал олумдон сактасын.
+7
Ali-han
2017-10-03 13:29:12
Кыргыз бир туугандар жок бекен? ИИМ такташтырып сурап койгула. Жаман окуя болуптур. Бейкуноо адамдар олуп кетиптир.
+2
Syn4y
2017-10-03 13:46:33
1 ai murun musulman bolgon, igilge kowulgan dep 4ygywty go uje
+1
no.comment
2017-10-03 16:05:18
Syn4y, аа ошондой бекен. Мен тан калып жаттым эле, эмнеге мусулмандарды, ИГИЛди айыптабай жатышат деп?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан