1981-жылы 3-октябрда футбол чөйрөсүндө бир нече "кооз" голдор менен атактуу болгон футболчулардын бири Златан Ибрагимович жарык дүйнөгө келген. Ибрагимович 21-кылымдын эң ийгиликтүү футболчусу болуп саналат.
Златан Швециянын Мальме шаарында төрөлгөн. Анын ата-энеси эки башка дин кабыл алгандардан: атасы ислам динин кабыл алса, апасы христиан болгон. Бирок Златан Ибрагимович аталган диндердин бирөөнү да тутунган эмес. Анын ата-энесинин мамилеси келишпей ажырашып кетишкенде футболчу 2 жашта болчу. Мындан улам Златан апасы менен жашап келген.
Златан Ибрагимович кичинекей кезинде эле футболго кызыгып баштайт, ага 6 жашында футболдук бутс белекке беришет. Бир аз убакытта эле жергиликтүү “Балкан” командасынын курамына кирип, лидерлик сапаттары көрүнүп баштайт. 12 жашында жаш футболчу “Мальме” командасына өтөт. Башында 4 жыл жаштар курамында оюн жүргүзсө, кийинки 3 жылда башкы командада ойнойт.
Футбол талаасында мыкты оюн көргөзгөнү үчүн аны англиялык “Арсеналдын” машыктыруучусу Арсен Венгер көрүп калат. Бирок Ибрагимович “Арсеналдын” сунушуна көнбөй, 2001-жылы нидерландылык “Аякс” футболдук клубу менен келишим түзөт. “Аякска” өткөнүнө 6 ай болгондон кийин кайсы бир оюнда чыканагы менен атаандашын бетке соккону үчүн 5 оюнга дисквалификацияланат. Жалпы жонунан Златан “Аякс” клубунда 3 жыл ойноп, Голландия чемпиондугун жеңгенге үлгүрүп, 2004-жылдын мыкты голун киргизет.
“Аякс” клубундагы мыкты старттан кийин Ибрагимович Италиянын “Ювентус” клубуна өтөт. Аталган футболдук клуб жаш оюнчу үчүн эң көп акча сарптайт (19 миллион евро). Италия чемпиондугунда Златан мыкты чет өлкөлүк оюнчу наамына татып, Швецияда жылдын мыкты футболчу наамына ээ болот.
Бирок “Ювентуста” футболчунун карьерасы жогору көтөрүлбөгөнү үчүн ал 2006-жылы карьерасын “Интер” футболдук клубунда улантат. “Интер” клубунда Ибрагимович Европанын чыныгы жылдызы болот. 3 жылдын ичинде Златан Ибрагимович “А” сериясынын мыкты чабуулчусу болуп, 66 гол киргизгенге жетишет. Муну менен “Интернационале” командасы Италия чемпиондугун 3 жолу багындырып жана Италия суперкубогун 2 жолу багындырган.
Златан Ибрагимович мурун эле бир ордунда турбай, ар дайым алдыга умтулган спортчу репутациясына ээ болгондуктан ал өзүнүн күчүн испаниялык “Барселона” командасында сынап көргүсү келет. “Барселона” Ибрагимович үчүн 46 миллион евро сарптайт. Бирок бул футболдук клубда Златан 1 жыл гана ойнойт. Машыктыруучу Пеп Гвардиола менен келишпестик орун алып команданы таштаганга туура келген. Буга карабай 1 жылдын ичинде Ибрагимович Испания чемпиондугун жана Испания Суперкубогун 2 жолу жеңип алат. 41 оюндун ичинде чабуулчу 21 гол киргизген.
2010-жылы италиялык “Милан” футболдук клубуна чабуулчу керек болгондуктан “Барселонадан” Ибрагимовичтин келишимин сатып алып, өз курамына өткөрүп алат. Златан ал жакта өз ишин мыкты аткарды деп айтса болот, анткени “Милан” ал сезондо Италия чемпиондугун жана Суперкубогун жеңди. Мындан соң Италиялык клубдун каржы маселеси абдан оор болгондуктан Златанды франциялык “ПСЖга” сатып жиберген.
31 жаштагы футболчунун карьерасы "ПСЖда" да жогоруга көтөрүлдү, алгачкы сезондо эле 30 гол киргизип, өздүк рекордун жаңылайт. Андан тышкары Франциянын мыкты бомбардири болот. “ПСЖнын” курамындагы 4 жылдын ичинде Златан Ибрагимович 122 оюнга катышып, 113 гол киргизген.
2016-жылы Златан Ибрагимович англиялык “Манчестер Юнайтед” клубуна өтүп карьерасын улантат. 28 оюндун жыйынтыгында Ибрагимович 17 гол киргизгенге жетишет. 2017-жылдын 21-апрелинде футболчу Европа Лигасынын чейрек финалдык беттешинде жаракат алып оюн талаасын таштаганга мажбур болот. Мындан улам чет өлкөлүк басылмалар “футболчу карьерасын таштайт” деген маалыматтарды жазып чыгарышкан. Бирок 24-августта “Манчестер Юнайтед” Златан Ибрагимович менен кайрадан келишим түзүлгөнүн маалымдаган.
Златан Ибрагимович футболдук карьерасынан тышкары кайрымдуулук иштери менен алектенет. 2015-жылы оюн учурунда майкасын чечип, денесиндеги 50 ачкачылыкка учураган баланын ысымын көргөзгөн. Бул кыймылы менен Ибрагимович коомчулуктун көңүлүн глобалдык көйгөйгө бурган.
Бош убактысында Златан Ибрагимович өзүнүн автобиографиялык “Мен - Златан” китеби менен алек болгон.
Ал эми 2015-жылы футболчу “Златан: Башталыш” биографиялык кинотасмасына тартылган. Андан тышкары Ибрагимович беш тилди суудай билет.
Златан Ибрагимович швециялык актриса жана фотомодель Хелен Сегер менен баш кошкон. Хелен Златандан 11 жаш улуу. Златан 11 жаштагы Максимилиан жана 9 жаштагы Винсенттин атасы. Учурда Париж шаарында жашап, жай мезгилин Мальме шаарында өткөрөт.
3-октябрга карата жылнаама.