Италиянын Ольбия шаарында 30-сентябрь 3-октябрь аралыгында өтүп жаткан дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз дзюдочу Жаркынбек Шамбетов алтын медалын багындырды. Бул тууралуу эл аралык дзюдо федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жаркынбек Шамбетов 66 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жарым чейрек финалда италиялык спортчуну жеңип, чейрек финалда германиялык Эйке Эренбергди жеңген. Жарым финалдык беттеште Кыргыз спортчусу нидерландылык Герт Вос менен туш келип 4 мүнөттүн ичинде жеңишке жеткен. Финалда Жаркынбек Шамбетов франциялык Жиан Люк Гарсияга кез келип алтын медалын жеңип алган.
Жаркынбек Шамбетовдон тышкары аталган мелдеште дагы 3 Кыргыз спортчу катышкан. Алар Эрали Аскарбек уулу, Ислам Баялинов жана Изат Жунушев. Эрали Аскарбек уулу менен Ислам Баялинов атаандаштарына жеңилип медалдар үчүн жарышты токтотушкан.
Ал эми Изат Жунушев бүгүн алгачкы беттешинде италиялык Мирко Ромазоттиге туш келет.