Бир нече мүнөттөрдөн соң "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү жана "Top Model Of The World 2016", "Miss Intercontinental 2016" сынактарында Кыргыз мамлекетинин атынан катышып, 15-октябрдан 20-ноябрга чейин Кытайда өтө турган "Дүйнө сулуусу-2017" сулуулар сынагына жол тартуу алдында турган Бегимай Карыбекованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат.
Кыргыз жеринде эле эмес, Европа, Азия өлкөлөрүндөгү подиумдарда мода көрсөткөн сулуу тууралуу сизди кызыктырган суроолор болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.
15:00 Бегимай Карыбекованын түз эфирдеги маеги башталды, сулуу алып баруучулар даярдаган "ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.
15:10 Суроо: "Жүрөгүң бошпу, кандай балдар жагат?"
"Тарбиялуу, билимдүү балдар жагат, андан соң гана сырткы келбетине карайм. Учурда жүрөгүм бош", - деди ал.
15:15 Окурмандын "Моделдер аз акча табышат, бирок кымбат баалуу унаа айдап, чет өлкөдө эс алышат. Демөөрчүлөрү барбы?"
"Кыргыз жеринин экономикасы менен карасак жакшы эле каражат табышат. Мисалы, 15 миң сомдон жогору. Ал эми демөөрчүлөргө ар бир адам муктаж. Менин демөөрчүм - ата-энем", - дейт Карыбекова.
15:18 Чет өлкөлөргө көп чыккан сулуу ал жакка эс алууга гана эмес, өзүнүн кесибине байланыштуу жумуштар менен барарын айтып өттү.
15:20 Окурмандын "Өзүңдөн улуу, 50-60 жаштагы эркек сүйүүсүн арнаса?" деген суроосуна, "Сулуу айымдарга ар дайым көз артып келишкен. Мисалы, Акмөөргө деле Жантай чал сүйүүсүн арнаган. Мен жашка көп маани бербейм, бирок ар нерсенин чеги болот. Азыркы учурда 60 жаштагы киши менен мамиле курууга даяр эмесмин", - деди ал.
15:22 Жакында "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына аттануу алдында турган Бегимай Карыбекова ал жакка баруу үчүн 16 миң доллар каражат керектигин, бирок жардамды мамлекет тарабынан күтпөстөн өз чөнтөгүнөн төлөй турганын билдирди.
"Ушул кезге чейин өзүм каражат таап келем. Ошондой эле бир туугандарым тарабынан колдоо болот", - деди ал.
15:25 Суроо: "Кыска кийингенден уялбайсыңбы?"
"Негизи кыска кийимдерди кийбейм деле. Бул болгону фотосессия үчүн түшкөн сүрөттөр. Киндикти ачып жүргөнгө караганда, оозун көп ачкандар жаман", - деди ал.
15:30 "Ала качып кетсе отурасыңбы?"
"Жок, ала качкан адам мыйзам алдында жооп берет" дейт сулуу.
15:33 "14-15 жашыңда ата-энеңе баш бербей, Ак-Талаадан көчүп кеткен экенсиң?"
"Жок, мен ата-энем менен эмес, чоң ата, чоң апам менен жашачумун. Ошолор менен Бишкекке көчүп келгенибиз чын. Учурда ата-энем менен бирге турам", - деп жооп берип жатып, чоң атасын эстеп көзүнө жаш алды.
15:36 Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мен эми кайрылбайм" деген ырынын клиби көрсөтүлүүдө. Аталган клиптин баш каарманы - Бегимай Карыбекова.
15:38 Бегимай клипке кандайча тартылып калганын айтып жатып, ага 16 жашында тартылганын жана эч кандай гонорар албаганын айтты.
"Клипке тартылуу учурунда эч кандай шарт жок болчу. Анткени талаада жүргөнбүз. Мындан улам абдан жүдөө көрүнүп калгам" деди ал.
15:42 Суроо: "Сүрөттөрдөн белиң ичке көрүнөт, фотошоп программасын колдоносуңбу?"
"Көпчүлүк адамдар ушул суроону беришет. Албетте, фотошоп ар бир сүрөткө колдонулат. Бирок өзүм деле кымча белдүүмүн. Москвадан операция аркылуу 2 кабыргасын алдырган деп айтышат экен. Бул жалган. Мен ден соолугума байланыштуу ооруканага жатып чыккам", - дейт модель.
15:46 Модель алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.
15:55 Суроо: "Президент болуу оюңузда барбы?"
"Негизи илгертен эле бийлердин баары - эркектер болушкан. Ал гана эмес үй-бүлөнү да эркек башкарган. Мындан улам кыз башым менен саясатка аралашкым келбейт, оюмда да жок", - деди ал.
15:58 Окурмандын "сулуунун жүрөгү жок дешет, сүйүүгө ишенесиңби?" деген суроосуна, "Ушул сөзгө кошулбайм, бардык адамдын жүрөгү бир. Сүйүүгө ишенем. Өзүм сүйүп көрбөсөм да, жактыруу сезимдерине кабылгам" деп жооп берди.
16:00 "Кандай үлгүдөгү унаа айдайсың?" деген суроого "Учурда унаам жок, жакында эле сатып жибергем. Азыр коомдук унаада жүрөм", - деди ал.
16:15 Суроо: "Сизди "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагындагы жеңишти сатып алды дешет?
"Сатып алган адам эч качан "сатып алдым" деп айтпайт деп койбоюнбу. Тамаша, сатып албай эле, өзүмдү татыктуу көрсөткөнүм үчүн жеңишке жеткем", - деди модель.
16:20 Бегимай Карыбекованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.