Борбор калаанын тургундары турникке тартылуу боюнча "Гиннесстин рекорддор китебине" киргенге аракет жасашат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов.Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов 14-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын турникке тартылуу боюнча дүйнөлүк рекордду коюуга чакырат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын эски аянтына 150 метрине турниктер орнотулуп, ага катышуучулар "Гиннесстин рекорддор китебине" кире тургандай турникке тартылышары айтылууда. Аталган иш-чарага эркектер жана кыз-келиндер катыша алат жана алардын жаш өзгөчөлүктөрүнө чек коюлбайт. Иш-чаранын жүрүшүндө Дүйнөлүк рекордду аныктаган атайын комиссия түзүлөт. Аталган комиссияны эл аралык "Street Workout and Street Lifting" уюмунун жетекчиси Денис Минин башкарат.

14-октябрда аталган иш-чаранын алкагында турникке тартылуудан сырткары дагы жерге таянып көнүгүү жасоо боюнча флешмоб өткөрүү пландалып жатат.

Иш-чаранын негизги максаттары:

Жаштарды дени сак жашоо эгидасында чогултуу; Жаштар арасында спорттук иш-чара жана дене тарбия – ден соолукту чыңдоо массалык уюмдун формаларын жакшыртуу; Жаштарды дени сак жашоо образына жана спортко кызыктыруу; Алдынкы атлеттердин жеке мисалдары аркылуу спорт аянтчаларында машыгуучулардын санын көбөйтүү; Улуттук рухту жана патриоттуулукту көтөрүү жана башка.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tttalant
2017-10-03 17:26:07
25 тартынам
0
Aidar.001
2017-10-03 17:31:41
tttalant,26
0
ZHYRGAl1412
2017-10-03 17:44:24
Дуйнолук рекорд 4000ден ашык бизден эч ким жетпейт
-2
Isco23
2017-10-03 19:02:21
ZHYRGAl1412,4001ди тартынам,бирокчу дем алып кок чай ичиииииип
+3
Neizvestno777
2017-10-03 18:46:22
Канча адам катышты ,ошо боюнча рекорд болсо керек
+4
Bishkek.001
2017-10-04 18:06:56
Качан кайсыл жерде болот экен тагыраак айтып койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан