"ПСЖ" - "Бордо" футболдук клубдарынын оюну болордо жасалчу терактты Франциянын полициясы токтотуп калды

Франция лигасынын алкагында 1-октябрда орун алган "ПСЖ" - "Бордо" беттешинин алдында жасоого пландалган террордук актты Франциянын полиция кызматкерлери токтотуп калды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Париж шаарындагы "Парк де Пренс" стадионунун жанында таңкы саат 4 чамаларында колго жасалган бомба табылган. Бомба 4 газ баллондон жасалып, бензин менен майланганы айтылууда. Жарылуучу зат телефондук чалуудан кийин жарылмак.

Бул окуяга байланыштуу иликтөөлөр жүргүзүлүп, шектүү катары 5 адам кармалган, алардын бири ислам экстремисттик уюмунун мүчөсү болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Аталган "ПСЖ" - "Бордо" беттешине 47 миң көрүүчү барган. Беттештин жыйынтыгында "ПСЖ" командасы 6:2 эсебинде жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Syn4y
2017-10-03 18:33:52
Барселона кылса керек, Неймарды өлтүрөбүз деп
-7
Neizvestno777
2017-10-03 18:38:47
Syn4y, Шамалдап калган эмессинби?
+5
Isco23
2017-10-03 19:00:42
Neizvestno777,тамашаласа деле галдирап шамалдап калгансынарбы дей бергиле.ынтымактуу болойлу
+2
Rasul94
2017-10-03 19:19:55
Syn4y,кошулам оюна ха ха
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан