Ош облусунун Кара-Кулжа районунда мамлекеттик чек ара режимин бузуп мергенчилик кылып жүргөн 3 жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу 3-октябрда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мергенчилер Кулданбес аймагында кармалган. Алардан 3 ок атуучу курал жана 30 ок алынган. Кармалгандардын уруксат алган документтери жоктугу аныкталган. Тийиштүү документтер толтурулуп, кармалгандар ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.