Ысык-Көлдө 4 адамы менен кошо күйүп кеткен унаанын кырсыкка кабылуу себептери аныкталды

8-сентябрда Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, унаа жана анын ичиндеги төрт адам күйүп кеткен. Кырсыктын себебин аныктоо үчүн дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыгарылганын Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов SUPER.KG'ге бүгүн, 3-октябрда кабарлады.

Экспертизанын жыйынтыгында Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта баратып, унааны токтото албай жолдон чыгып кеткендиги аныкталды. Жолдун жээги менен төмөндү көздөй тоголонуп кеткен унаадан от чыгып, ичиндеги төрт адамы менен кошо күйүп кеткен. Кырсык болгон жерден унаанын чачырап кеткен тетиктери, буюмдар жана эки кап кара куурай табылган.

Унаа менен кошо күйүп кеткен 4 адамдын аты-жөндөрү такталган. Алар: 1958-жылы туулган Бишкектин тургуну М.А., 1960-жылы туулган Бишкектин тургуну С.А., 1962-жылы туулган О.Н. балыкчылык жана ушул эле Балыкчы шаарынын тургуну 1967-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Shekeev969798
2017-10-03 19:09:36
Экспертизалар кучтууго Ушунча кун журуп ушуну эле аныктаса
+12
Mers124
2017-10-03 19:15:40
Укмуш эми. Ченрный ящикке не жазылыптыр.
+11
kenjebek_a
2017-10-03 19:21:04
Эксперт да кызык экен.Мен билем бул машинанын бир жери бузулуп жатат дегендей соз болуптур.Орт эмнеден чыккан,айдоочу сообу,ичиндеги 2мешок товар эмне учун куйбой калган деген суроолорго толук жооп болсо ошондо экспертиза откон болот эле.
+14
Benazir08
2017-10-03 19:37:58
2 мешок кара куурайды алды дагы ичин кинодогудай орт коюп ийишти да белгилуу эле болуп турбайбы. Кара куурай ташыган немелер экен да. Кара чокуларына гана корунуптур
+9
medet1983
2017-10-03 20:40:06
Эшеке деле тушунуктуу болгон жолдон чыгып кетип антарылып куйгону,экспертизасыз эле
+9
tuku
2017-10-03 21:03:21
Экспертиза катуу иштептир )))))))
+6
asanova1984aida
2017-10-03 21:13:07
Кап аттин десен,жалп очкон торт омур
+5
Melis2014
2017-10-03 21:21:39
экспертиза силерге 5 темир тулпар куйуп кетип кара курай кандайча куйбой калды жакшы жыйынтык чыгарыпсынар
+8
aiba-889290
2017-10-03 21:30:06
Авария болуп машина 2 3 жолу оодарылганда 2 кап кара куурай терезеден секирип аман калыптыр деген жыйынтык чыгарышканго биздин эксперттер.
+11
Ersin1705
2017-10-04 01:33:32
Кучтуу кучтуу биздин эксперттер дуйнодо болбогон кырсыктын бетин ачышыптыр кыйраттынар
-3
nurbekasr
2017-10-04 07:11:29
Кинодон да кызык болуптур да,керек болгон эки кап ыргып кетип,төрт адам ыргыбай калып күйүп кеткени.Кап менимче коркуп кетип секирип жиберген го.Экспертизасы соонун удачно чыгыптыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан