“2-октябрда Ош шаарында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдогон Дурбек Алимжановду белгисиз 4 адам шаардын четине алып барып ур-токмокко алды”, - деп SUPER.KG порталына бүгүн, 3-октябрда НТС каналынын журналисти Мирбек Айтикеев билдирди.
Анын айтымында, Алимжанов 1 ай мурун Бабановдун программасын жактырып, аны колдоп акысыз иштеп баштаган. “Белгисиз адамдар Алимжановду сабап, “бизге 100 миң доллар бересиң", “баш аламандык уюштуруу үчүн Бабановдон акча алдым” деп кыйноо жолу менен видеого сүйлөттүргөн экен. Андан кийин алар шайлоо бүткөнгө чейин шаардан чыгып кет деп коркутуп, милицияга кайрылбоосун эскертишиптир. Бул боюнча Алимжанов бүгүн аталган каналга “акыркы жабыркаган мен болоюн” деп интервью берди”, - дейт журналист.
Айтикеев билдиргендей, жабырлануучу Ош облусунун укук коргоо органдарына кайрылган эмес, Бишкек шаарына келип кайрылмакчы.