Соңку кабардын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурмандан маалымат келип түшкөн. Анда Чүйдүн ГЭС-5 аймагында жол кырсыгы катталып, унаалардын биринин айдоочусу каза болгону кабарланган. Окуя тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы буларды билдирди:
"Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Окуя Чүй облусунун Аламүдүн районунда бүгүн, 3-октябрда саат 14:00 чамасында катталган. Анда Портер үлгүсүндөгү унаа менен Субару-универсал үлгүсүндөгү 2 унаа кагылышып кеткен. Жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган".