Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда эки капка салынган баңгизатын сатып жаткан тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунда 31 жаштагы Ж.У. аттуу тургун баңгизатына сатып жаткан жеринен кармалган. Иликтөө ишинин негизинде капка салынган баңгизаты 10 килограммдан ашык марихуана экендиги аныкталган.
"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.