Таланттуу айкелчи, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков бүгүн, 4-октябрда 82 жашка толду.
Ал 1935-жылы 4-октябрда Баткен районунун Говгусар айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен эле сүрөтчү болууну эңсеген Тургунбай Садыков өзүнүн чыгармачылык ишин республикалык, бүткүл союздук, эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышуу менен 1954-жылдары баштаган. Ал көбүнчө жыгач, таш, гранит, коло, чопо материалдары менен иштеген. Айкелчинин биринчи эмгектери - "Койчу", "Эне", "Саанчынын сүрөтү", "Жылкычы", "Дирижёр" жана башкалар.
Белгилүү скульптордун колунан көптөгөн көрүнүктүү эмгектер жаралган. Аларга "Жеңиш" аянтындагы "Жеңиш" эстелиги, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында тургузулган "Манас" скульптуралык комплекси, Бүбүсара Бейшеналиеванын айкели жана башка көптөгөн эстеликтер кирет.
Тургунбай Садыковдун чыгармачылыгындагы өзгөчө орунду белгилүү дарыгерлер Мирсаид Миррахимов, Мамбет Мамакеев, жазуучу Чыңгыз Айтматов, сүрөтчү Гапар Айтиев, актёр Муратбек Рыскулов, манасчы Саякбай Каралаев жана актриса Даркүл Күйүкованын портреттери ээлейт. Скульптордун эмгектери Орусия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдын музейлеринде коюлган.
4-октябрдын жылнаамасы.