Биз социалдык тармакта

Америкалык боксёр Жорж Форман белгилүү актёр Стивен Сигалды беттешке чакырды

Америкалык боксёр Жорж Форман интернеттеги жеке баракчасы аркылуу белгилүү актёр Стивен Сигалды беттешке чакырды.

"Стивен Сигал, мен сага жекеме-жеке беттешүүгө чакырык таштайм. Мен бокстун эрежеси менен мушташам, а сен каалаган ыкмаңды колдонсоң болот. Вегаста 10 раунд", - деп жазган ал. 68 жаштагы боксёрдун бул билдирүүсүнө 20 миңден ашуун колдонуучу "жакты" белгисин басып, 9 миңден ашуун колдонуучу бөлүшкөн.

Форман беттешке эмне үчүн Стивен Сигалды чакыргандыгын мындайча түшүндүргөн: "Сигал чынында эле мыкты мушташат. Эмнеге мен Жан-Клод-Ван Даммды беттешке чакырган жокмун? Себеби мен ал үчүн өтө эле картаңмын".

Белгилей кетсек, 65 жаштагы Стивен Сигал актёр гана эмес, айкидо боюнча 9-дандын ээси. Ал азырынча Формандын жазган билдирүүсүнө жооп бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
KG.Kushtarbek
2017-10-04 09:37:19
СТИВЕН СИГЕЛ ал актёр болуш керек Боксер емес
+4
mirkaa5182
2017-10-04 09:46:15
Күчтүү кетипсинго Жорж.
+6
eddi.kg
2017-10-04 09:49:17
Сигал,алдагы негрдин колу бутун кайрып койчу
+11
Appasition
2017-10-04 09:56:24
ОЗУ негизи Конор менен Мейвезер уршкандан кийин чакырыктар кобойуп кетти бири сууда сузушкону чакырып чыкты еми ушул октиёрдуда тынч койбойт екенсинерда
+6
aiba.8327
2017-10-04 09:59:17
Давай давай мушташып коргулочу чакелер...
+5
Karban86
2017-10-04 10:03:00
Эстафета башталдыбы ошондо
+4
juma11anara
2017-10-04 10:05:58
Акча беребиз десең баарына даяр бизде (спортсмен) чиновниктер бар.
+5
almazbei
2017-10-04 10:08:26
Атасы байды ким чакырат болду экен ?
+5
Benazir08
2017-10-04 12:11:15
Бирин олуп бирин кал. Чын журоктон баары бир
-1
madrid7000
2017-10-04 13:31:25
"Акча десе адашасын акылдан"-дечу беле же башкачабы?Айтор бул чалга акча аябай керек окшойт.
+3
iskend
2017-10-04 15:41:44
Бул да бир шоу
+2
bom.bon
2017-10-04 15:51:42
Мен болсо, Жорж Форман Стивен Сигалды Бишкекке чакырды деп окуп алып и дагы келет экенда деп кирипмин))
+1
Aidar.001
2017-10-04 16:46:15
Зээриккен бала. ...чукулайт!
+1
Take_men
2017-10-04 17:28:26
Сигал Кара Браттын талпагын ташка жаят
+1
jon.as
2017-10-05 04:59:39
68 жашта болсо каарып деле калыптыр. Картайганда калжандабай жон эле журбойбу десен. Олоор эчки койчунун таягын сойконот болбой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан