Бишкекте ветеринардык дарылоо жайынын чатырын оңдоо учурунда бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Зууракан Кайназарова көчөсүнүн 30-дарегиндеги ветеринардык дарылоо жайынын чатырында оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан тургун каза болгон. Кырсыкка кабылган тургун 1955-жылы туулган П.Б. аттуу эркек адам болгон. Ал курулуш эрежелерин сактабагандан улам каза болгон деп айтылат маалыматта.
"Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон тургундун жансыз денесин алып түшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Окуя 3-октябрь күнү саат 15:30дар чамасында болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.