Жылмаюудан жарк этет тиштер: Тишин түздөткөн белгилүүлөр

Сахна адамдарынан бир эле кемчиликти байкап калган коомчулук аны сынап, кеп кыла баштайт. Андыктан элге таанылып калган белгилүү ырчы-актёрлор чыгармачылыгына катарлаш сырткы келбетине да кам көрүп турушат. Сахна өкүлдөрү үчүн жылмаюу, тиштеринин абалы да чоң мааниге ээ. Алардын тиштери акактай аппак, тептегиз тизилип идеалдуу көрүнөт. Шоу чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрү мындай тиштерге ээ болуш үчүн бир топ аракеттерди жасашкан.

"Голливуд жылмаюусунун" сыры - заманбап медицинада. Ал тиштерди агартып гана тим болбостон, түзүлүшүн да мурункудан такыр башкача кылып оңдой алат. Мындай кызматтан пайдаланган айрым ырчылардын сүрөтүнө чогуу байкоо салабыз.

Өзүнөн да тиши көп сөз болгон популярдуу эстрада ырчысы - Нурлан Насип. Тиштеринин араларынын ачыктыгы тууралуу тамашалар да айтылып жүргөн бул мырза эми тиштерин түздөтүп, ал тууралуу айтылган кептерге чекит коюуну чечкен.

Кичинекей кезинен тартып музыка дүйнөсүнө аралашып жүргөн ырчы Иса Өмүркулов да идеалдуу тиштердин ээси болууну каалап, азыркы тапта брекет кийип жүргөн чагы. Буга чейин анын тиштерине маани бербей келген күйөрмандарын Иса брекет кийип, эски сүрөттөрүнө көз салууга жетеледи.

Кыргыз эстрадасы аркылуу элге тааныла баштаган жаш ырчы Айдана Дека өзүнүн шурудай тизилген тиштерин дагы да болсо түздөп алууну көздөп жаткан учуру. Сырттан дээрлик байкалбаган кемчиликтерди бул бийкеч өзү байкап жүргөн чыгар.

Буга чейин ырчы, актриса Асема Токтобекованын жылмаюусуна суктанып келген болсоңуз бул айым ага дагы көрк кошуу аракетин көрүп жатат. Асема брекеттин ыңгайсыздыгына чыдап, тиштеринин идеалдуу көрүнүшүн шарттап жаткан кези.

Ырчы Анжелика да тиштерине оңдоо киргизип, көрктүү тиштердин ээси болууну чечти. Кыргыз эстрадасынын сулуусу деген кептерге каршы пикир айтууну каалагандар дароо эле бул ырчынын тиштерин мисалга келтиришкен болсо, Анжелика эми мындай мисалдардан арылуунун алдында турат. Ырчы айым да тиш доктурдун заманбап кызматтарынан пайдаланууда.

Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон жылдыздардын да кезинде тиштери идеалдуу болгон эмес.

Чет элдик жылдыздардан баштасак, эң биринчи тизмеде Том Круз. Белгилүү актёр, идеалдуу тиштерге ээ болуу үчүн канча ирет тиш доктурга барганы тууралуу айтуу кыйын.

Канадалык ырчы Селин Диондун убакыт өткөн сайын тиштери тегизделип, жылмаюусу жагымдуу көрүнө баштаганын байкоого болот.

Мыкты актёр Николас Кейж азыркы таптагы тиштерине жетүү үчүн көптөгөн аракеттерди көргөндүгүн айтпаса да сүрөттөрдөн байкоого болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kyrgyz_girl
2017-10-04 16:30:29
Азыркы заманда баардык кемчиликти ондоого шарт барго, чиркин!
+7
aiba-889290
2017-10-04 16:49:22
Согуштан соз кылсан,танканын ичинен ХХХХ чыгат!
+58
adimyrza
2017-10-04 17:20:29
aiba-889290,жардынго
+9
aylun
2017-10-04 21:56:49
aiba-889290,боорду эздин гоооо )))))
+4
Bars111
2017-10-05 00:01:50
aiba-889290,Кайсы согушту сөз кылба ошол акоптон ХХХХ чыгат десең
+2
Mambetali
2017-10-05 12:07:55
aiba-889290, сапсим келтирдин ама ичти эздинго чиркин,,,
+1
General.kg
2017-10-04 17:03:13
Акатаай сап башында Н.Насипкоо))
+2
adilbars
2017-10-04 17:03:39
ХХХХ тиштерине жетпеейт!
-3
Hatali
2017-10-04 17:23:50
Мода болуп кеткен го оозу биздикилер(шоу бизнестегилер) эмнени корсо ошону кылат кереги жок болсо деле
+2
Saidochka
2017-10-04 17:31:46
Иса Омуркуловдун ХХХХ тиштери эле озуно жарашат эле
+2
Muslim_KGstana.
2017-10-04 18:18:41
Айдана Декага сонун соз атыптырсынар/жасатпай эле койсо болмок экен
+4
Sezy
2017-10-05 00:14:59
Малика Диначы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан