Индиянын борбору Нью-Дели шаарынын жанында темир жолдо селфи сүрөткө түшүп жаткан үч студент поезддин астында калып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 3-октябрда болгон. Үч эркек киши мотоциклдерин жолдун жээгине токтотуп коюп, рельске барып сүрөткө түшүп жатканда поезд келип тебелеп кеткен. Жергиликтүү полиция 2 студенттин ким экендиги аныкталганын, каза болгондор өзүн өзү өлтүргөнгө аракет кылган болушу мүмкүн экендигин билдирген.