Кыргыз спортчу ушу боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медалга татыды

Орусиянын Казань шаарында 26-сентябрь-4-октябрь аралыгында өткөн ушу-саньшоу боюнча XIV Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз спортчу коло медалын багындырды.

80 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Талантбек Акматов чейрек финалда алжирдик мушкерге туш келип 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Финалга чыгуу үчүн беттеште Кыргыз спортчу орусиялык атаандашка кез келген. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз спортчу жеңилип, ошентсе да коло медалын тагынды.

Эске салсак, 2016-жылы ушу-саньда боюнча Борбордук Азия биринчилигинде Кыргыз спортчулары 3 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль тагынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Senator
2017-10-04 16:09:49
Молодец ийгилик!
0
Hatali
2017-10-04 17:27:44
Спортчулар азаматтар Кыргызстанды сыймыкка, кубанычка болоп жатасынар дагы да болсо ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан