Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдогон "Дурбек Алимжанов ур-токмокко алынды" деген маалымат иликтенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев билдирди.
Анын айтымында, Алимжанов арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган эмес. "Ошондой эле ал жаракат алганы боюнча Ош шаарынын жана облусунун аймагындагы медициналык мекемелерге дагы кайрылбаптыр. Өзү менен байланыша албадык. Себеби телефону өчүк, жашаган жеринде жок болуп жатат. Фактынын негизинде иликтөө иштери жүрүүдө", - деди Ашырбаев.
Эске салсак, 2-октябрда Ош шаарында Дурбек Алимжановду белгисиз 4 адам шаардын четине алып барып ур-токмокко алганы боюнча НТС каналынын журналисти Мирбек Айтикеев билдирген.