Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун кылмыш ишин Биринчи Май райондук сотунда кароо бүгүн, 4-октябрда уланууда. Белгиленген убакытка анын жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу отурум бир саатка жылдырылды. Ишти карап жаткан сот Марат Сыдыков жактоочу келбей калчу болсо ишке мамлекеттик жактоочу чакырыла турганын айтты.
"Айыпталуучунун жактоочусу эртең менен келип Бишкек шаардык сотто башка соттук отурумдары бар болгондуктан бир саатка кечигип келе турганын айткан. Эгерде өз учурунда келбесе мамлекеттик жактоочу алып келебиз", - деди Сыдыков.
Жактоочу мурунку отурумдарга дагы ушундай эле маселелер менен келбей калгандыгы үчүн мамлекеттик айыптоочу соттун сунушун колдоду.
Райкан Төлөгөнов 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча айыпталып 2017-жылдын март айында камакка алынган.