2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты ("Ата Мекен") Райкан Төлөгөнов Биринчи Май райондук сотунда журналисттерге билдирүү жасады.
"Ата Мекен" партиясынын учурда кылмыш иштер боюнча айыпталып жаткан мүчөлөрүн президенттик шайлоого жеткирбей соттоо буйругу аткарылып жатат. Мен өлүп калсам да шайлоого чейин ушул жерге алып келип соттоп жиберүүгө даяр турушат", - деди Төлөгөнов.
Сот отуруму белгиленген убакытка жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу сот Марат Сыдыков ишти кароону 5-октябрга жылдыруу чечимин кабыл алды. "Эгерде жактоочу эртең да келбей калса мамлекеттик жактоочу алып келүүгө мажбур болобуз", - деди сот.
Айта кетсек, Райкан Төлөгөнов 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча айыпталып 2017-жылдын март айында камакка алынган.