ЖЫЛНААМА, 4-ОКТЯБРЬ: "Тамашоучу" Рүстөм Аскенов туулган күнүнө эң чоң белек аба ырайы болгонун айтты

Бүгүн, 4-октябрда "тамашоучу" жана актёр Рүстөм Аскенов 26 жашка толду. SUPER.KG порталы аны куттуктоо үчүн байланышып, туулган күндүк маанайы менен таанышты.

"Кечээ күнү тойдо тамада болчумун. Той бүткөн соң үйгө жөнөп жатсам, жанымда жүргөн Нуркул деген дос балам торт көтөрүп келип куттуктады. Азыр шаарда жумуштарым менен жүрөм. Маанайым абдан жакшы, туулган күнүмө чоң белек эшиктеги аба ырайы болду. Себеби мен салкын жел уруп, аз-аздан жаан себелегенин аябай жакшы көрөм. Буюрса, кечинде досторум менен чогулуп, борбордогу чайканалардын бирине аш жегенге барабыз", - деди ал.

Рүстөм Аскенов 1991-жылы 4-октябрда Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча тиш доктур. Бирок кичинесинен эле чыгармачылыкка кызыккандыктан, мындан 9 жыл мурун "Тамашоуго" келген. Көпчүлүк адамдар аны "Бир мешок акча" тасмасындагы ашпозчунун ролу аркылуу таанышат.

4-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aizattt
2017-10-04 16:21:28
Иии ушу бала жагат да... туулган кун кут болсун!
+5
sirgak_92
2017-10-04 16:52:59
Gerseigen bala ozuncho ele
-2
Batma08
2017-10-04 21:19:05
sirgak_92,коой сага ошондой сезилсе керек. Магада жагат
+2
asi.gulum
2017-10-04 16:54:16
Эмнеси герсейген? Мага да жагат бул бала.
+4
Hatali
2017-10-04 17:16:57
Ак оргодогу балдардын далылуураагы эле ушул.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан