Борбор калаада 7-8-октябрда жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш орун алат

Бишкек шаарында 7-8-октябрь аралыгында жеңил атлетика боюнча Олимпиадалык чемпион, Дүйнө рекордунун ээси Мария Кульчинова-Пинигинанын элесине арналган 15 жашка чейинки спортчулар арасындагы эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеште Кыргыздын бардык аймактарынан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн спортчулар келип катышат. Иш-чаранын алкагында 100 метр, 200 метр, 500 метр аралыкка жарыштар, алыстыкка секирүү, бийиктикке секирүү, найза ыргытуу жана ядро ыргытуу боюнча мелдештер орун алат.

Маалымдай кетсек, Мария Пинигина Сеулда өткөн Олимпиадада СССРдин курамы менен 4х400 метр аралыктагы эстафеталык жарышта алтын медалды багындырган. Алар финалдык жарышта 3 мүнөт 15,18 секунд жыйынтыгын көрсөтүп Дүйнөлүк рекордду коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurik.1100
2017-10-05 20:01:07
Кыргыздын эмес... Кыргызстандын... туугандар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан