Ошто жеке ишкерлик кылган аялдын унаасын 12 жашар кызы менен кошо уурдап бара жаткан адам кармалды

Ош шаарында И.Г. аттуу жеке ишкерлик менен алектенген аялдын Lexus RX 350 унаасын айдай качкан адам кармалды. Унаанын ичинде жабырлануучунун 12 жашар кызы бар болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 4-октябрда саат 14:00дөр чамасында 46 жаштагы аял унаасын токтотуп, 12 жаштагы кызын ичине калтырып коюп дүкөнгө кирип чыгып унаасын таппай калган. Ал милиция кызматкерлерине кайрылып, дароо шаар ичинде аталган унааны кармоо боюнча издөө жарыяланган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 15:00дөр чамасында 31 жаштагы С.З. аттуу адам кармалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары басма сөз кызматынан шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gulmira12345
2017-10-04 20:17:20
у деген м дегенди с деген жерге кргизип
коюппу
+5
Pandora
2017-10-04 20:33:15
gulmira12345,)))))
0
Nazar76
2017-10-04 22:24:20
gulmira12345,жоок К деген А дегенди кармап алып С койуптур дейт
+3
Batma08
2017-10-04 21:14:01
Машинасынан дагы биринчи баласын ойлоп корксо керек. Жаман болуптурго
+2
guku_80r
2017-10-05 02:14:13
Админ кененирээк маалымат берип койсонор
+1
admin_superstan
2017-10-05 10:16:33
guku_80r, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан