Чүйдө жерди мыйзамсыз саткан деген айып менен Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл аймагынын кызматкерлерине жерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2011-жылы октябрь айында Таш-Дөбө айыл аймагынын кызматкерлери 75 сотых жерди Б.Ж. аттуу жаранга 49 жылга убактылуу колдонууга беришип, бирок 2011-жылы 30-декабрда мыйзам бузуу менен 175 миң сомго ошол эле жарандын жеке менчигине өткөрүп беришкен. Аталган жердин жаңы ээси 2012-жылы июнь айында Р.И. аттуу тургунга жерди сатып жиберген.

Жер тилкесинин базар баасы 12 миллион сомго чамалаары айтылып, тиешелүү адамдарга мамлекетке чоң көлөмдө зыян келтиришкен деген айып коюлган. Иликтөө үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилгени айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2017-10-05 19:08:51
Чыгып кетишет кайра эле! Бабанов айткандай Кыргызстандын соту аман эле болсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан