Бишкек шаарында Сириядан согуштук даярдыктан өтүп келген Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын чагымчыл аракеттерине бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында эл аралык террордук топтун мүчөсү, Жалал-Абад облусунун тургуну 1994-жылы туулган А.А. кармалды.
"Шектүү А.А. 2012-жылы Сириядагы согуштук лагерлердин биринде күжүрмөн даярдыктан өтүп, ал жактагы өкмөттүк аскерлер менен күрөшүүгө катышкан. Террордук топтун башчысынын үгүтү менен Кыргыз өлкөсүнө келип, террордук актыларды даярдоо үчүн "күтүү режиминде" турган", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Ошондой эле маалыматта жалданмачылык боюнча кылмыш иши козголгону жана УКМКнын СИЗОсуна киргизилгени айтылган.