ЖЫЛНААМА, 5-ОКТЯБРЬ: "Эми олуттуу ойлонуп, жашоого болгон көз карашымды өзгөртөм" дейт туулган күнүн белгилеп жаткан Айдана Дека

Бүгүн, 5-октябрда жаш ырчы, бийчи Айдана Деканын өздүк майрамы. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда туулган күнүн кечээ эле майрамдап баштаганын билдирди.

"Туулган күнүмдү кечээ курбу кыздарымдын, сахналаш досторумдун арасында тосуп баштагам. Баары мен каалагандай өттү. Көптөгөн жакшы каалоо-тилектер айтылып, жакшы маанайда отурдук. Бүгүн болсо өздүк майрамымды үй-бүлөмдүн курчоосунда белгилеп жатам. Азыркы тапта апам экөөбүз дүкөндөрдү кыдырып жүргөн чагыбыз", - дейт ал.

Ырчы 21 жашка толгонун белгилеп, жашоого болгон көз карашын өзгөртүп, олуттуу ойлоно баштоого аракет жасаарын айтат.

"Жылдан жылга адамдын өзүнө болгон жоопкерчилиги жогорулайт окшойт. Менде ошондой сезимдер болуп жатат. Бул туулган күнүмдө да көптөгөн белектерге ээ болдум, алардын ичинен эң жакын курбумдун берген алтын шакеги да өзгөчө маанай тартуулады", - деди Айдана.

Айдана Дека 1996-жылы 5-октябрда төрөлгөн. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эстрадалык вокал бөлүмүн аяктаган.

5-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tunerbei1812
2017-10-05 18:40:34
Ойлоно башташына аз маз эртерээк эмесби?
+3
jany-aryk
2017-10-05 19:21:53
оздук майрамын менен кутуктайм
+1
Aijash90
2017-10-13 16:07:46
карый баштаганыңда ой боюңа карабай эле өзгөрө баштайсың өзүң атайын өзгөртө албайсың нар жактан возраст келбесе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан