Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралмак. Бирок прокурорлор отурумга келбей калгандан улам соттук отурум башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутаттын жактоочусу Улан Жумаков билдирди.
"Отурумга прокурорлор келбегендиктен сот отурумду 9-октябрга жылдырды. Соттук отурумга Аида Салянова өзү да кызын карап ооруканада болгондуктан келген эмес", - деди Жумаков.
Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.