Кесиптештеринин мүнөздөмөсү боюнча актёр Данияр Жанжигитов берешен, ак көңүл, эч кимге "жок" деп айта албаган жөнөкөй жан, жубайына жакшы жолдош, балдарына жакшы ата. Таланттуу театр жана кино актёру бүгүн, 6-октябрда 35 жашка толду.
Данияр Жанжигитов 1982-жылы жарык дүйнөгө келген. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.
Жанжигитов “Үзөңгүдөгү аял”, “Чиркин өмүр” жана башка тасмаларда роль жараткан. Театрда жараткан образдары менен көптөгөн эл аралык сынактарга катышып байгелүү орундарга ээ болгон.
6-октябрдын жылнаамасы.