Ысык-Көлдө башына дөңгөлөк кийгизилип, өрттөлгөн адамдын өлүмүнө шектелип, карындашы кармалды

Ысык-Көлдө башына дөңгөлөк кийгизилип, өрттөлгөн адамдын өлүмүнө шектелип, карындашы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-сентябрь күнү Жети-Өгүз районунун Чырак айылына жакын жерде белгисиз адамдын жарым-жартылай күйгөн жансыз денеси табылган. Кийин маркумдун аты-жөнү такталып, ал 1969-жылы туулган И.К. аттуу Аң-Өстөн айылынын тургуну экени аныкталган. Жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн.

"Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун карындашы 1984-жылы туулган И.А. жана анын күйөөсү Түркиянын жараны И.М. Казакстандан кармалышты. Алдын ала маалымат боюнча, карындашынын мындай жолго барышына мүлктү мурастоодон келип чыккан пикир келишпестик себеп болгон. Шектүүлөр маркумду өлтүрүшүп, анын мобилдик телефону менен Дуйбайдагы кызы менен жазышып, ага акча салдырышкан. Ошондой эле баласына Алматыга кетип жатканы боюнча смс-билдирүү калтырышкан. Ал эми агасына тийиштүү Тойота Версо унаасын да сатууга аракет кылышкан. Кийин ал оңунан чыкпаган соң Бишкекке таштап, Казакстанга кетип калышкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Dembele84
2017-10-06 10:58:14
Турк жигитинин созуно кирип ушундай болду да,же анысы омурлук жолдош болуп берсе гана.Саттыртып,олтуртуп акчасын алып,кичине чогуу жашамыш болуп,ал тоок мээ аялды да таштап кетип калат да...Биздин кыздар неге ишенчээк болот билбейм
+14
Take_men
2017-10-06 11:06:30
Өлтүргөнү чын болсо ылайым түрмөдөн чыкпай калгыла!
+10
ady-88
2017-10-06 11:25:24
Кобуроок башка улуттка турмушка чыккыла. Ата журтунду биртууган Ата эненди кошуп озунду кошуп жок кылат.
+7
haydarkan
2017-10-06 12:22:18
ит экен
+5
AKCAHAT
2017-10-06 12:30:02
Охоо патриотторго табылбай эле калыптыр, асмандан издеп энсеп жургондору жерден табылып)) кылмыш улутка карабайт ташбоор,начар,ит адам бардык улутта болот.Кайненесин, куйоосун жиликтеп ар кайсы мусорго ташыган келиндерчи, баласын бычактап халатка ороп ыргытканчы,же туалетке тируулой ыргытып салган келинчи, баарына ушул турк жездебиз куноолуудур мумкун башка улут мн жургонду колдобойм бирок бир окуя чыксале баарын кошуп ХХХХ берген кругозорунар,интеллектуалдык денгээлинер тан калтырып бутпойт
+13
Ma9
2017-10-06 13:31:06
AKCAHAT,туура айтасыз
+7
Tyty1990
2017-10-06 12:57:02
Озундон чыккан жат жаман
+6
admin_superstan
2017-10-06 14:39:30
Baatirbek81, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
+2
Azamat_15
2017-10-06 15:03:26
Азаматсынар милиция кызматкерлери ыкчам иш алып бардынар
+2
SHERBOLAT
2017-10-06 16:16:36
Биртууганын.болок улуттан дагым артык коргон акмак
0
Azat.97
2017-10-06 16:17:37
Кыздар дагы жургуло.Туркторду,корейлерди кытайларды кобойткуло
0
ozgeldi
2017-10-06 16:46:24
Мага демек оптом тийип кеткиле по барабан..тий тийгиле ким тийбе деп жатат
0
Snejana
2017-10-06 18:01:26
Уурунун акылы жок деген ушу да
0
jbolotov
2017-10-06 19:20:56
Баш мыйзамга олум жазасы киргизилсе ушуга окшогон акмактар мамлекет эсебинен 15 жыл багылып зыянын келтирбейт эле.
+1
beast
2017-10-06 20:23:10
jbolotov,Адахан Мадумаров айткандай бизге мыйзамы кучтуу эмес ыйманы кучтуу мамлекет керек ошондо мындай терс корунуштор болмок эмес
+2
Boldukan86
2017-10-06 21:05:40
XXXXX. ыймандын жоктугу. ата эне бир тууганга мээриминер жок орус пейил болуп буттунор. бирнерсе десе тамактан аласынар. айланайын кыргызым мусулманбыз
пайгамбардын уммотубуз. батышты туурабай жакындарыбыз менен таттуу мамиледе бололу. бардык нерсе убагы менен. туболук нерсе жок
+2
jon.as
2017-10-07 05:35:06
Акмак десе кантип колу барды экен, оз агасын мыкаачылык менен олтуруш. Кыз киш биртуугандарына куйумдуу болуш керек эле.....бул XXXX кыз экенго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан