Казакстандагы авиа кырсыктан каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алматыдагы консулдуктун маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары Геннадий Цой (учактын командири) жана Бейшебек Акматбаев (инженер) болгон. Тиешелүү документтер бүткөрүлгөн соң алардын жансыз денелери мекенине жөнөтүлдү.
Айта кетсек, кырсык 3-октябрь күнү кечинде Алматыга жакын жерде болгон. Анда Алматы-Шымкент багытында абага көтөрүлгөн АН-28 учагы 12 мүнөттөн соң радардан жоголуп кеткен. Кийин учакты күйүп жаткан абалда жерден табышкан.
Учактын ичинде 3 экипаж мүчөсү жана 2 дарыгер болгон. Алар оор абалдагы жаңы төрөлгөн балага медициналык жардам көрсөтүү үчүн баратышкан.