Орусияда поезд автобусту сүзүп, 21 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кырсык 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Владимир облусунун Петушки районунда болгон. Анда "Покровка" станциясына жакын жерде поезд жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган автобусту сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 21 адам каза болгон.
"Автобустун ичинде 50дөн ашык адам болгон. Темир жолдон өтүп баратып, токтоп калган автобусту түртүү үчүн 30дан ашык адам сыртта жүргөн. Калгандары уктап жатышкан. Сырттагылар аман калып, автобустун ичинде калып калгандар каза болушкан", - деп жазышты орусиялык маалымат агенттиктери.