Элчилик: "Орусиядагы кырсыктан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок"

Орусиядагы кырсыктан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Владимир облусунун Петушки районунда болгон. Анда "Покровка" станциясына жакын жерде поезд жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган автобусту сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 21 адам каза болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, автобусту Казакстандын эки жараны башкарып бараткан. Ал эми жүргүнчүлөрдүн баары Өзбекстандын жарандары болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurdinova
2017-10-06 17:16:55
Жаткан жерлери жайлуу болсун мусулман бир туугандарыбыздын. Дагы бир өкүнүчтүү окуя болуп отурат
+1
Nurdinova
2017-10-06 17:17:41
Бир тууган ата энелерине сабыр берсин к
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан