Таласта Жээнбековдун баннери өрттөлдү

Талас шаарында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун баннери өрттөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталына талапкердин Таластагы штабынын жетекчиси Мирлан Эсенкулов билдирди.

Анын айтымында, окуя 6-октябрга караган түнү орун алды, өрттөлгөн баннер Мырзалиев-Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Талапкердин штабынын кызматкерлери укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышты.

Эскерте кетсек, буга чейин 17-сентябрда Талас облусунун Манас районунда талапкер Сооронбай Жээнбековдун баннерлери өрттөлүп, айрылган. Эсенкулов бул ишти Жээнбековдун атаандаштарынан көрөрүн айткан. Окуя боюнча укук коргоо органдарына арыз берилген. 26-сентябрда бул боюнча кылмыш иши ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Rifle_I
2017-10-06 17:25:13
Мен добуш бере албай калат экем да. Москвадан 16.10.17 эртең менен келет экем. Жетишпейм. Элчиликке да арыз берген эмесмин.
0
aza84
2017-10-06 17:26:03
Мадумаров вообще кыргвзстанды сатып жиберет бийликте кезинде эмне козго корунукту кылды ким айталат Каркыраны сатканыбы эн ылайыктусу азыркы опозицияны шайлаш керек
-12
madrid7000
2017-10-06 17:47:50
aza84,туура бул адамды шайлоодо эле коробуз.Анан отпой калат да чырдайт дайыма ХХХХ.
-7
UEFA-FIFA
2017-10-06 19:03:09
aza84, Мадумардан башкасы көзгө көрүнүктүү эмне иш жасады өзү?).
+4
Parish
2017-10-06 17:39:31
ОЗУ суротто не айып жон эле каалаган талапкерин шайлай беришпейби ,ортогондо жээ айрыганда шайланбай кала тургансыбай.
+8
mirkaa5182
2017-10-06 17:53:18
Өзү негизинен Кыргызстанга Улукбек Кочкоров президент болсо, мамлекет өнүкмөк, дебаттан көрүп жакшы баа бердим. Мыкты лидер чыкчудай.
+7
Shamu
2017-10-06 18:34:59
Кыргызстан акырындык менен онолот сразу онолуш кыйын элдин озунор жараша президент келет
+2
UEFA-FIFA
2017-10-06 19:03:22
Shamu, ооба, биринчи өзүң оңолсоң, анан сага окшогон оңолгон президент келет).
-3
kenjebek_a
2017-10-06 19:16:39
Бут эле Сокенин Бабановтун суроту болуп кетти.Акчасы бийлиги бар ошон учун 90% экоонун суроту ээлеген.
+4
Kyrgyz06
2017-10-06 19:26:59
Турсунбек Акун болсо болмок кандидат болбой калды окунучтуу.
-11
ArgenMers
2017-10-06 19:33:27
Урматтуу бир туугандарым келгиле Кара-Кулжанын кулуну Жээнбековду колдойлу ошондо буйруса баары жакшы болот Мн ша Аллах
-16
erkeleim
2017-10-06 21:05:15
Соке эки созду туздоп суйлой албайт уятты жоккен дебютту коруп оозум ачылды Мадумаровго берем добуш
+1
kenjebek_a
2017-10-06 22:00:29
Шайлоодо дебаттарды ктр бекер корсотуш керек.Кунуно ар бир кандидатка бир сааттан бекер эфир берсе жок дегенде он кун катар.Ошондо акчасы жок бирок башы иштеген кандидаттар да электен отот.Дебаттагы Масадыков Кочкоровко окшогон программасы кучтуулорду эл корот эле.А то Жээнбековту Бабановду эле коросун.Башка киши куругандай.Президент дегенде симпатия болуш керек.Банер телевидение радио баары эки эле кишиники.Бироо бай бироондо бийлик.
+2
kenjebek_a
2017-10-06 22:05:52
КТР элдин акчасынын эсебинен иштейт,элге кызмат кылсын.Байлар менен бийлике кызмат кылбай.Дагы да бекер эфир берсин ошол Масадыков менен Кочкоровко.
+1
musickg
2017-10-07 00:45:35
Өткөндө үгүт ишинде Жээнбеков минтип айтты эле: "Мен бийликте, саясатта 95жылдан бери келе жатамын, мен билем ким 95 жылдан бери кантип байыганын, ким бизнес кылып байыганын, ким мамлекеттин акчасынан байыганын, ким мамлекетке зыян келтирип байыганын билем" деп сүйлөдү. Эгерде ушул мамлекеттин акчасын уурдап байыгандарды, коррупционерлерди билип туруп эмнеге ”ушул адам мамлекеттин акчасын уурдады" деп ачык айтпайт.
+3
BegimaiBegimai
2017-10-07 08:31:19
musickg,озу соке 95 жыл жашадыбы? дагы 95 жылдан бери деп коет
-2
Rasul94
2017-10-07 07:46:34
Мадумаровдун баардык жагы топ келген симпатичный адам.колдой береличи сураныч
0
TazaKyrgyz
2017-10-07 22:29:06
Супер инфо сиздердин купуяга кантип жазам?
0
admin_superstan
2017-10-09 15:52:56
TazaKyrgyz, саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу кирип, admin_superstan деп жөнөтсөңүз болот.
https://www.super.kg/superstan/index.php?app=members&module=messaging&section=send&do=form
0
Di07
2017-10-08 00:00:57
Бабанов
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан