Сот Бабанов үчүн добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин токтотту

Ош шаардык соту шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин карады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, 2017-жылдын 18-сентябрь күнү өздөрүн Анвар жана Манап деп тааныштырган кишилер Ош шаарынын тургунуна кайрылып, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоо үчүн 2 миң сом сунушташкан. Тургундун арызы боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар Ош шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

"Соттук отурумда аталган адамдардын күнөөлөрү далилденген. Бирок арыздануучу жаран сотто өз арызы боюнча ишти кыскартууну сурап өтүнүч келтирип, буга эки тарап өз ара элдешип алганын негиз кылган. 3-октябрда Ош шаардык соту бул кылмышты өтө оор эмес кылмыштардын катарына кирерин негиз кылып, ишти кыскарткан", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurtilek001
2017-10-06 18:50:46
Арыз жазбайле берген акчасын унчукпай алып алмак, бул жон эле Бабановду каралоонун дагы бир жолу.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан