Баткен шаарында 10 жана 9 жаштагы эки өспүрүмдүн өлүмүнө шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Баткен шаарында 10 жана 9 жаштагы эки өспүрүмдүн өлүмүнө шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен райондук соту 1996-жылы туулган К.Болотбекти 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Айта кетсек, окуя ушул жылдын 5-июль күнү саат 15:30 чамасында Баткен шаарында болгон. Анда 1996-жылы туулган Болотбек аттуу жаран эки кабаттуу үйгө уурулукка кирип, аны көрүп калган 10 жана 9 жаштагы балдарды муунтуп өлтүрүп, качып кеткен.

Кылмышка шектүү ошол эле күнү Баткен ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эки өспүрүмдүн аталаш тууганы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Junpaipak
2017-10-06 19:33:26
Тооба
+1
Aida08
2017-10-06 19:36:18
Эмне деген эле жашоо болуп атат?!.. тооба.
-1
jaz99
2017-10-06 20:49:54
Бир жолу келсе жашоого ошону да бир бурчта откоргон кандай окунучтуу... Кудай сактасын
+8
KG.Kushtarbek
2017-10-07 03:32:14
ОЙНОЙ турган убагында турмого кетипсин олгон балдарда сенда жалкасынар жашсынар
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-07 07:15:56
Кудай ар бирибиздин уй булообузду сактасын шектелип камалды дешпей так даана далилдеп камаш керек эмне буларга адам омуру ойунчукпу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан