7 жылдан бери жарандык никеде жашаган ырчы Шакира менен футболчу Жерар Пике бири-биринен кол үздү

Дүйнөлүк шоу-бизнесте идеалдуу түгөйлөрдүн бири деп эсептелинген колумбиялык ырчы Шакира менен испаниялык футболчу Жерар Пике ажырашты. Чет элдик маалымат булактары мындан 1 ай мурун эле түгөйлөрдүн мамилеси жакшы эмес болуп жаткандыгын жазып жатышкан.

Көп өтпөй футболчу бул маалыматты жокко чыгарганы менен, алардын башка-башка жашап жаткандыгы белгилүү болгон. Балдары Шакира менен жашап жатканы жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, түгөйлөрдүн бири-биринен кол үзүүсүнө кызганыч себеп болгон. Шакира өзүнүн акыркы клибине ырчы Ники Жемди тарткан. Буга чейин Никиден ашыгын кызганып келген футболчу үчүн бул жаккан эмес. Жай айларында Пике сүйүктүүсүнө баш кошууну пландап жатканын интервьюларынын биринде айткан, бирок анын бул максаты ишке ашкан эмес, түгөйлөр 7 жылдан бери жарандык никеде жашашкан. Ырчы Барселонадан жаңы үй сатып алып, бир нече ай мурун ал жакка көчүп кеткен.

Шакира менен Жерар ырчынын "Waka Waka" аттуу ырына клип тартып жаткан учурда таанышкан. 1 жылдай сүйүү мамилесин жашырып жүргөн ашыктар кийин ачыкка чыгышкан. 2013-жылы түгөйлөр Милан аттуу уулдуу болушкан. 2 жыл өтүп 2-уулу Саша төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Tyty1990
2017-10-06 19:54:32
Шакира женем акыры кетиптирда
+8
gulzat85
2017-10-06 19:57:01
Жаман болуптур
+1
janjigit
2017-10-06 20:02:17
Пике балкондон ыргытып ийбесин деп кетип калган окшойт. (Тамаша)
+6
Syn4y
2017-10-06 20:21:22
Экөө тажашты
да бири биринен, Европада ошондой го тез эле тажап кетишет
+5
Chinnuri
2017-10-06 21:08:39
Нике жок , ошол учун бир биринен тез тажаса керек.
+2
Medinaa
2017-10-06 21:56:37
Боло берет буларга
0
sarento
2017-10-06 22:41:40
Ажырашпай эле койсонор болот эле го, окунучтуу.
+1
Senator
2017-10-06 23:33:52
Буларда болоберет!
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-07 00:35:58
Футболист 100 гол киргизди фудбол бутту болгон го (тамаша)
0
Davlet1994
2017-10-07 03:52:39
Булар эч качан эч кимге идеал боло албайт. Балдары дагы никесиз, келечегин ойлобогондор
0
UEFA-FIFA
2017-10-07 08:17:15
Davlet1994, XXXX Ронагүлгө окшоппу?
Бирок булардын балдары никеси жок болсо да, ата-эненин кучагында и мээриминде чоңойушту. Рондукучу?).
-3
Lekarstvosvoegomuja
2017-10-07 04:32:51
Эмнеси болсо да аман болушсун иши кылып
0
asan.toluktuk
2017-10-07 10:03:26
Экоо баш кошо элек болсо эки бала желден буттубу тооба
0
Beks.Kasymov
2017-10-07 12:32:30
пике калтак жейсин менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан