Америкалык актёр, продюсер жана сценарий жазуучу Мэтт Деймон 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 8-октябрда АКШнын Массачусетс штатында жарык дүйнөгө келген. Актёр көпчүлүккө "Марсианин", "Евротур", "Оушендин 11 досу" тасмалары аркылуу таанымал.
Деймон мектепти бүткөн соң Гарвард университетинин англис тили бөлүмүнө тапшырган. Бирок жан дүйнөсү актёрлук кесипти аркалоону каалап, ата-энесинин каршылыгына карабай жакын досу, учурдагы белгилүү актёр Бен Аффлек менен түрдүү сынактарга катышып, жыйынтыгында эпизоддук ролдорду аткарып жүрүшкөн. Бирок ага да канааттанбаган жаштар "Акылдуу Уилл Хантинг" деген тасманын сценарийин жазышкан. Ал сценарийге бир канча киностудиялар кызыгышканы менен баш каармандардын образын Аффлек менен Деймондун аткаруусун каалашкан эмес. Бирок актёрлор сөзсүз түрдө башкы ролдорду аткаруу үчүн шарт коюшуп, жыйынтыгында фильм элдин купулуна толуп, өздөрү болуп көрбөгөндөй атактуулукка жетишип, бир канча сыйлыктарга ээ болушкан.
Аталган фильмди тартууга болгону 9 миллион доллар сарпталса, андан түшкөн киреше 225 миллион доллардан ашкан.
Андан соң актёрдун талантын баалагандар көбөйүп, бир канча фильмдерде баш каармандын образын аткаруу сунушу менен кайрылышкан. Алардын ичинен "Таланттуу мистер Рипли" тасмасына тартылуу үчүн 13 килограмм салмак таштап, пианинодо ойноону өздөштүргөн.
Актёрдун атактуулугу арта баштагандан тарта жеке жашоосу журналисттердин кызыгуусун арттырган. Анын бир топ убакыттар бою сулуу бийкечтердин жүрөгүнө чок салып, алар менен кыска мөөнөттүк мамиледе болгондугу айтылып келет. А бирок 2005-жылы Лючиана Баррозо аттуу айым менен баш кошкон. Баррозо буга чейин Майамиде бармен болуп иштегендиктен жана ал учурда анчейин деле сулуу эмес болгондуктан актёрдун ага үйлөнүүсү көптөр үчүн күтүүсүз болгон. Мындан улам Деймон сүйүктүүсүнүн көздөрүнөн эл көрө албаган мыкты сапаттарды көргөндүгүн айтып, ага болгон сүйүүсү күч экенин билдирген. Азыркы учурда түгөйлөр 3 кызды тарбиялашууда. Баса, Баррозонун актёрго чейинки жолдошунан да 1 кызы бар.
8-октябрдын жылнаамасы.