Казакстандын Астана шаарында 6-7-октябрь аралыгында өткөн эрежесиз уруш (ММА) боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз мушкерлери 5 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк ММА ассоциациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеште 30 өлкөдөн спортчулар катышкан. Кыргыз өлкөсүнөн 8 спортчу барып алардын ичинен 5 спортчу медалдарга татыган. Кыргыз мушкерлер 1 күмүш жана 4 коло медаль жеңип жалпы командалык эсепте 3-орунга ээ болду.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
70 килограмм салмак ченинде: Кубанычбек Туратбек уулу - күмүш медаль;
56 килограмм салмак ченинде: Азатбек Анарбай уулу - коло медаль;
77 килограмм салмак ченинде: Төлөгөн Рахманберди уулу - коло медаль;
84 килограмм салмак ченинде: Олжобай Кудайберди уулу - коло медаль;
93 килограмм салмак ченинде: Осман Абдулазизов - коло медаль.
Жалпы командалык жыйынтык:
1-орун - Орусия;
2-орун - Казакстан;
3-орун - Кыргыз өлкөсү.