"Жүр, ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга…"
Бул саптардын автору, обончу, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Апаз Жайнаков 2013-жылы 9-октябрда 53 жаш курагында дүйнө салган. Маалыматка ылайык, ал буга чейин боор оорусунан жабыркап келген. Бир топ убакыттан бери Баткен шаарында ооруканада дарыланып, 8-октябрда үйүнө чыгарылган да, эртеси күнү жан берген.
Апаз Жайнаков Баткен облусунун Баткен районунда төрөлүп-өскөн. Мектепти аяктагандан кийин Самаркандек айылындагы техникумга тапшырган. Көп өтпөй эле 2 жылга Чехословакияга аскердик кызматка жөнөп, аскерден келгенден кийин Ош педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүнө эки ирет тапшырып, сынактан өтпөй калган. Ал убакта бош жүрбөстөн, айылга барып совхоздо трактор оңдоочу, электрик болуп иштеген. Кийин Бишкектеги Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, вокалдан сабак алган. Студияны аяктагандан кийин айылына барып, мурдагы жумушун уланткан. Ал эми 1985-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырып, жогорку билимге ээ болгон. Окуусун аяктап, бала бакчада эмгектенген. Андан соң Баткен райондук Маданият үйүндө иштеп калган. Обончунун эң популярдуу болгон чыгармаларынын катарына Кыргыздын гимнине айланган "Кыргыз жери" ыры жана "Өрүкзарга кетели" чыгармасы кирет. Белгилүү обончунун артында жубайы менен 3 уул, 1 кызы калган.