Бишкек-Ош жолунда Хонда Фит күйүүчү май ташуучу унааны сүзүп, 5 адам каза болду

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан 5 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жол кырсыгы Кара-Көл шаарына жакын жерде 8-октябрда саат 11лер чамасында болгон. Анда күйүүчү май ташуучу унаа Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып, окуя болгон жерден 3 адам мерт кеткен. Жаракат алгандардын экөөсү ооруканадан каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча мерт кеткендер бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан.

Хонда Фит унаасынын айдоочусу рулду башкара албай күйүүчү май ташуучу унааны барып сүзүп, андан соң унаа өрттөнүп баштаган. Күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусу Хонда Фиттен 4 адамды алып чыкканы айтылды. Айдоочу унаага кысылып калганы үчүн аны алып чыгуу мүмкүн болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
daniel87
2017-10-09 09:38:10
Он рульдуу машиналар Кыргыздарды кырганга алып келингенби?биздин талапка жолдорго жооп бербеген машиналарды эмнеге уруксат беришет арзандын тузу татыбайтда туугандар!!!уят права саткандарга козомолго алган акча учуно баарын саткан окмоттогулорго кудай бар!!!
+3
aerforce
2017-10-09 09:40:43
анан атка минерлер бакылдай бербей самалетко билет арзандатса ошто жалалабадтын коп райондорунда аэропорт бар шугур деп самалет менен каттап калат элек же болбосо поезд жолун ачсанар тим эле жыргамакпыз окунучтуу канчалаган кыргыз жаштары боодо кырсыктан кырылып калмай болдук жаман болуптур туугандарына сабыр тилейм шейит кеткендерге кудайым бейиштин торун корсотсун
+3
Kanzada97
2017-10-09 09:45:31
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
+2
nurbekasr
2017-10-09 10:21:19
Эми ажалы жеткен экен да,жаман иш болуптур.Аллахым билип билбей жасаган күнөөлөрүн кечирген болсун.Оң рул сол руль эмес негизги шылтоо,негизги күнөө праваны саткандарда жана да айдоочунун тажрыйбасыздыгынан шашмалыгынан келип чыгат.Тажрыйбалуу шофёр рульду артка коюп берсе деле шашбай айдап жүрө берет.
+1
tttalant
2017-10-09 10:28:30
Кудай сактасын деп жай айдаш керек болуп калды...эми жай айдаймго тез барганды эмес аман эсен барганды ойлош керекго.....
+1
tatynam_88
2017-10-09 12:08:47
Талапкерлерден биринчи сурана турган нерсе бул жол коопсуздугу.жолдо журуп кырылып бутобу кыргыз.муну ким чектейт.
+1
sumaika
2017-10-09 13:02:54
Жаткан жерлери жайлуу болсун!Кыргыз элим Кудайы откоро турган эле болуп жатабыз,Аллах боодо кырсыктан сактасын деп.
+1
Muratmipa
2017-10-09 14:18:51
Ажал келсе кудайым бир нерсени себеб кылып алып кете берет рул он болсо деле сол болсо деле
+2
bakulya2015
2017-10-09 15:32:48
Оо кудай эмне болуп жатат. Неге мекендештерибиз кундо олум менен алышып жатат. Тартипти карашпайбы. Мынавы фит менен степ деген машиналарга тыю салуу керек окшойт жаткан жерлери жайлуу болсун.
+1
Rasul94
2017-10-09 16:53:40
Аксылыктар деп уктум баары бир було окшойт.кудай сактай кор ушундай кырсыктан
0
Ziada.90
2017-10-09 17:12:44
Ооба баары бир уйбуло. Эжебиз кетти артында 3баласы томолой калды ..
0
Platon96
2017-10-09 18:26:16
Жаш айдоочулар кобойду,бизге 25жаштан права берсе жакшы болчудай.
0
KGstan1981
2017-10-09 21:41:12
Атамбаев жанагы жан сакчына айтчы бир чараларды корсун.
-1
jon.as
2017-10-10 03:57:16
Ыймандары саламат болсун. Ажал улук ичеер суубуз тугонсо кайсыл жерде, эмне себеп болбосун алып тынат экен.
0
admin_superstan
2017-10-10 10:46:27
alikgz, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан