Москвада "Синдика" соода борбору өрттөндү. Жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок

Москвада 8-октябрда күндүз курулуш материалдарын саткан "Синдика" соода борбору өрттөнгөн. Жалпы 55 миң чарчы метр аянт күйүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 3 миң адам эвакуацияланган. Өрттөн 3 адам жабыркады. Алардын арасында Кыргыз жарандары жоктугун Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Орусиялык басылмалар жазган маалыматка караганда соода борборунда өрт чыкканда белги берүүчү систем иштеп, адамдар имараттан чыга башташкан. Ызы-чуу болгон эмес. Эвакуациянын тынч өтүшүнөн улам адам өмүрү кыйылбаганын куткаруучулар белгилешкен.

Өрт курулуш материалдарын саткан соода борборунун жер алдындагы унаа токтоочу жайынан чыкканы айтылып жатат. Өрттөн болжол менен 5 миллиард рубль зыян келтирилгенин Бүткүл орусиялык камсыздандыруу бирикмесинин президенти Игорь Юргенс билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tyty1990
2017-10-09 09:45:36
Синдика аябай чон болчу. Окунучтуу
0
toktor89
2017-10-09 11:25:48
Садака зекеттин берилбегени
Намазканасы бар 2этажында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан