Бүгүн, 11-октябрда саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде белгилүү ырчы жана актриса Асема Токтобекова конокто болот. Анын чыгармачылыгы, жеке жашоосу же келечектеги пландары тууралуу сизди көптөн бери кызыктырып, бирок жооп ала албай жүргөн суроолоруңуз болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Ырчы суроолорго түз эфир аркылуу жооп берет.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.