Бүгүн, 9-октябрда актёр, каскадёр жана режиссёр Адилет Акматов 36 жашка толду. Ал SUPER.KG порталына 5 жылдан бери туулган күнүн белгилей электигин айтты.
"Туулган күнгө өзгөчө маани бербейм деле, 5 жылдан бери белгилей элекмин. Бүгүн да үйдө үй-бүлөмдүн жанында болом. Өздүк майрамым менен алгачкылардан болуп келинчегим куттуктаса, азыр жакындарымдын көбү байланышка чыгышууда", - деди ал.
Адилет Акматов 1981-жылы 9-октябрда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. Ал алгач акробатика, паркур, кыргыз күрөшү, андан кийин ушу, тайцзи, айкидо менен машыккан. Каскадёр катары "Казакфильмде" “Кунанбай”, "Мың бала", "Боксчунун жолу", "Амир" тасмаларында ар кандай оор трюктарды аткарса, актёр катары "Гаишники" сериалында жана “Башаламан”, “Ант” фильмдеринде роль жараткан. Ал эми режиссёр катары "Мурас сыры", “Сүйө бил” тасмаларын тарткан. Ошондой эле "Comedy Club" долбоорунун мурунку президенти, "Наша Russia" юмордук телекөрсөтүүсүнүн жылдызы Сергей Светлаков менен уюлдук компаниялардын биринин жарнамалык ролигине тартылган.
9-октябрдын жылнаамасы.