Бишкек шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште Кыргыздан 1 спортчу жеңишке жетти

Бишкек шаарында 7-8-октябрь аралыгында жеңил атлетика боюнча Олимпиадалык чемпион, Дүйнөлүк рекорддун ээси Мария Кульчунова-Пинигинанын элесине арналган 15 жашка чейинки спортчулар арасындагы эл аралык мелдеш өтүп жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеште Кыргыздын бардык аймактарынан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн спортчулар келип катышышкан. Иш-чаранын алкагында кыска аралыкка жарыштар, алыстыкка секирүү, бийиктикке секирүү, найза ыргытуу жана ядро ыргытуу боюнча мелдештер орун алып медалдардын ээлери аныкталды.

Эркектер арасында:

100 метр аралыктагы жарышта: Азамат Тауров (Өзбекстан) - 11,2 секунд;

200 метр аралыктагы жарышта: Хислатжон Муроджонов (Өзбекстан) - 23,3 секунд;

400 метр аралыктагы жарышта: Ефим Тарасов (Казакстан) - 51,0 секунд;

1500 метр аралыктагы жарышта: Мирсаид Каххаров (Өзбекстан) - 4,21 мүнөт;

3000 метр аралыктагы жарышта: Мирсаид Каххаров (Өзбекстан) - 9,32 мүнөт;

Найза ыргытуу: Нодирбек Бекатов (Өзбекстан) - 49,67 метр;

Ядро ыргытуу: Мехрож Маматкулов (Өзбекстан) - 13,03 метр;

Алыстыкка секирүү: Диёр Мансуржанов (Өзбекстан) - 6,06 метр;

Бийиктикке секирүү: Сайдали Сайданабиев (Өзбекстан) - 185 сантиметр;

Кыздар арасында:

100 жана 200 метр аралыктагы жарышта: Ева Кадырова (Бишкек) - 12,2 секунд жана 25,9 секунд;

400 метр аралыктагы жарышта: Яна Змановская (Казакстан) - 58,8 секунд;

1500 метр аралыктагы жарышта: Хуснида Ахмедова (Өзбекстан) - 4,49 мүнөт;

3000 метр аралыктагы жарышта: Хуснида Ахмедова (Өзбекстан) - 11,01 мүнөт;

Найза ыргытуу: Махлиё Тожиалиева (Өзбекстан) - 40,33 метр;

Ядро ыргытуу: Махлиё Тожиалиева (Өзбекстан) - 12,09 метр;

Алыстыкка секирүү: Зебо Жумабекова (Өзбекстан) - 5,42 метр;

Бийиктикке секирүү: Элина Устинович (Казакстан) - 160 сантиметр;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан