Айтылуу "Битлз" тобунун жана анын негиздөөчүсү, ырчысы Жон Леннондун ырлары дүйнө элинин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып, ушул күнгө чейин ырдалып келет. Мындан туура 77 жыл мурун, 1940-жылы 9-октябрда Жон Леннон Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө карикатура тартып журнал чыгарып, мектеп хорунда ырдаган. 1956-жылы 16 жашында "Quarrymen" аттуу топ ачып, эл алдында ырдоого өтөт. 1957-жылы музыкант Пол Макартни менен таанышып, аны өзүнүн тобуна чогуу ырдоого чакырат. 1959-жылы "Quarrymen" тобу тарап, ордуна "The Beatles" тобу түзүлгөн. 1963-жылы аталган топ Европа элине атагы чыгып, бир жылдан соң дүйнө жүзүнө таанылып, атактуулукка жеткен.
Жеке жашоосу
1963-жылы ырчы Синтия Пауэлл аттуу кызга баш кошуп, уулдуу болот. 5 жылдан соң Леннон Синтия менен ажырашып, сүрөтчү Йоко Оного үйлөнөт. 1969-жылы "Согуш бүтөт, эгер сен кааласаң" аттуу концертин өткөргөн. Ал эми 1971-жылы "Imagine" аттуу ыр жыйнагын чыгарып, андагы ырларда ал утопиялык кыялдарын чагылдырган. 1970-жылы ырчы жубайы Йоко Оно менен иштешүү үчүн "The Beatles" тобунан кетип, түгөйлөр "Plastic Ono Band" тобун түзүшөт. 1970-1980-жылдар аралыгында бир нече ырларды жаздырышат. 1975-жылы экөөнүн ортосунда бала төрөлүп, Нью-Йорк шаарына көчүп барышат. Ошол мезгилден тарта Ж.Леннон музыка дүйнөсүнөн кеткен.
Күйөрманы атып өлтүргөн
1980-жылы 8-декабрда Ж.Леннон жана жубайы Йоко Оно үйүндө журналисттерге интервью берип бүтүп, сыртка чыгышкан. Аларды лимузин унаасы келип "Record Plant" ыр жаздыруучу студиясына алып кетмек. Лимузин келбей калгандыктан жубайлар RKO тобунун унаасында кетүүнү чечишет. Көчөдөн Ж.Леннонду күйөрмандары тегеректеп, андан кол тамга алышат. Алардын арасында Гавайиден келген 25 жаштагы кароолчу Марк Чепмен дагы болгон. Ал Жон Леннонду өлтүрүүнү ага чейин эле пландап жүргөндүгү аныкталган. Леннон студиясына барып, бирок кайра уулуна жолугуу үчүн Йоко Оно менен үйүнө кайтып келет. Леннонду күтүп турган Чепмен ага көчөдөн 5 жолу ок чыгарган. Тергөө учурунда Чепмен психикалык жактан оорулуу экендиги аныкталган. Ошондой эле ал Жон Леннондун атактуулугун көрө албай бул ишке барганын, эгер аны өлтүрсө, өзү ырчыдай атактуулукка ээ болоруна ишенгенин айткан.
9-октябрдын жылнаамасы.