Футзал боюнча Кыргыз курама командасы Москвага барып жергиликтүү команда менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия чемпиондугунун тандап алуу этабына даярдануу максатында өткөрүп жаткан окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында эртең, 10-октябрда Москва шаарына учуп барышат. Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы кабарлагандай, футзал боюнча улуттук курама команда Орусиянын КПРФ мини-футболдук командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Белгилей кетсек, футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы 15-17-октябрь күндөрү Ирандын Тербиз шаарында өтөт. Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы “А” тайпасына кирип Өзбекстан, Түркмөнстан, Непал курамаларына туш келген. “В” тайпасында Иран, Тажикстан, Ооганстан курамалары жайгашкан. Тандап алуу этабынын жыйынтыгында ар бир тайпадан бирден команда финалдык этапка өтөт.

Футзал боюнча улуттук команданын курамы:

Дарбазачылар: Виталий Зубарев ("Мурас"), Кирилл Ермолов ("Жети-Суу", Казакстан).

Коргоочулар: Каныбек Өмүрсултанов, Улан Байгазы уулу ("Востокэлектро"), Келкел Анарбеков ("Фарватер"), Акылбек Анарбек уулу ("Sun City"), Манас Абдрасул уулу (EREM).

Чабуулчулар: Мирлан Жолдубаев, Актай Таштанов, Арстанбек Турсунов, Азимжан Юнусов (бардыгы "Sun City"), Дилшат Кадыров (Мурас"), Эмил Канетов (клубу жок), Адилет Иманбеков ("Алга"), Максат Алимов ("EREM"), Улан Батырбек уулу ("Талас").

Башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу - Амиржан Муканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurik.1100
2017-10-10 13:21:16
Туура чечим...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан