Болгариянын Пловдив шаарында 10-15-октябрь аралыгында өтө турган күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катыша турган Кыргыз курама командасы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда өлкөнүн Күрөш федерациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу катышат, алардын ичинде 7 балбан эркин күрөш боюнча мелдешке катышса, 3 балбан грек-рим күрөшү боюнча таймашат.
2016-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн балбандары 1 алтын жана 1 коло медаль жеңип алышкан.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы:
62 килограммга чейинки салмак ченинде: Адахамжан Балтабаев;
62 килограммга чейинки салмак ченинде: Айсабек Полатбеков;
88 килограммга чейинки салмак ченинде: Бердикул Караев.
Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы:
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Эркинбек Чубаков;
62 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурдин Донбаев;
70 килограммга чейинки салмак ченинде: Эркинбек Үмөталиев;
70 килограммга чейинки салмак ченинде: Талант Бегалиев;
78 килограммга чейинки салмак ченинде: Мелис Турганбаев;
78 килограммга чейинки салмак ченинде: Апты Инаркиев;
100 килограммга чейинки салмак ченинде: Чынарбек Изабеков.