Француздардын легендарлуу актёру Жан Рошфор 87 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, актёр ооруп жүрүп август айында ооруканага жаткырылган. Ал жактан дүйшөмбүгө караган түнү көз жумган. Азырынча өлүмүнүн себеби боюнча так маалымат айтыла элек.
Рошфор карьерасын 1950-жылдары баштап, "Анжелика" тууралуу тартылган үчилтик аркылуу популярдуу болуп кийин "Фанфан жоогазын", "Поезддеги адам", "Мистер Биндин эс алуусу" жана башка жүздөн ашуун фильмдерде роль жараткан.
Актёрдун өлүмүнө байланыштуу интернеттеги социалдык желенин колдонуучулары анын сүрөтүн жана ал катышкан фильмдердин үзүндүлөрүн жүктөп, терең кайгыруу менен көңүл айтышууда.