Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө эки унаа кагышты

Бүгүн, 10-октябрда болжол менен саат 08:00 чамасында борбор калаанын Ахунбаев көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Анда Хонда жана Ауди үлгүсүндөгү эки жеңил унаа кагышып, Хонда унаасы бир капталы менен кулап калган.

Күбөлөрдүн айтымы боюнча, жол кырсыгы Хонданын айдоочусу каршылашында келе жаткан унаага жол бошотуп бербегенинен келип чыккан. Ауди үлгүсүндөгү унаанын маңдайы сынып, ал эми капталынан кулаган Хонданын эшиктери ачылбай калгандыктан ичиндеги айдоочу менен жүргүнчү аялды багаж аркылуу чыгарып алышкан. Оор жаракат алгандар жок. Кырсык боюнча Патрулдук милицияга чалып жооп ала алган жокпуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан