Өлкөдө баш аламандык уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен кармалган "Мекенчил" саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков менен кошо дагы бир жаран кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.
Белгилей кетсек, жарандык активист Мелис Аспековду УКМКнын кызматкерлери 9-октябрь күнү кечинде үйүнөн кармап кеткен. Аны бир жарандын арызынын негизинде 48 саатка камакка алышкан.
"М.Аспеков белгилүү бир топтун кызыкчылыгы үчүн өлкөдө Президенттик шайлоо өткөрүлгөндөн кийин бийликти күч менен басып алууга жана баш аламандык уюштурууга аракет жасаган деп шектелип кармалды. Ошондой эле ал "кылмышка даярдануу", "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери менен күнөөлөнүп кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев менен байланышта болуп, "Республика" партиясынын тарапташтары менен бирге шайлоодон кийин коомдук баш аламандык уюштурууга даярданып жаткан", - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Аталган фактылар боюнча кармалгандардын үстүнөн "массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу", "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери менен кылмыш иши козголду.